
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан малдын базар баасына экспресс-сурамжылоо жүргүзүлдү.
Мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, иш-чаранын алкагында сатуучулардын арасында баалардын чайкоочулук менен жогорулашына жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
"Мал базарлардын сатуучуларынын айтымында, учурда айрым аймактарда малдын баасы төмөндөөдө, баанын төмөндөшү малдын жайлоодон түшүүсү, мектепке даярдык чаралары менен байланыштуу. Бирок союлган малдын этине болгон баа мурдагы деңгээлде калууда, анткени жай мезгилинин башынан бери малга тоюттун баасы жогорулап, ошол деңгээлде калууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Аймактар боюнча бодо малдын жана майда жандыктардын орточо баасы:
