Баткенде 15 жаштагы өспүрүм 2 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Куткаруучулар аны тоо тараптан издеп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, 6-сентябрь күнү Кадамжай шаарынын 2006-жылы туулган Д. уулу Ө. аттуу тургуну үйүнөн чыгып, тоо тарапка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
"7-сентябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 11 куткаруучу тартылып, саат 18:20да издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Бүгүн издөө иштери улантылып, 11 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.