Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө кардиохирургия борбору ачылып, 7 жаштагы бейтапка алгачкы акысыз операция жасалды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Ден соолук" медициналык-реабилитациялык комплексинин базасында Инновациялык кардиохирургия борборунун ачылышы болду.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, аталган борбордо 7 жаштагы жүрөк кемтиги бар балага биринчи акысыз операция жасалды.
Мекемеде эки бөлүм бар - кардиохирургиялык операция бөлүмү жана жандандыруу бөлүмү. Адистер бир жылда 50гө чейин операция жасоону пландап жатышат.
Эске салсак, ушул жылдын 19-мартында президент Садыр Жапаров "Ден соолук" комплексинде болуп, калктын сапаттуу медициналык кызмат алышы үчүн ыкчам тартипте капиталдык реконструкциялоону баштоону тапшырган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-09-09 03:58:27
Бир жылда 50 операция аз эмеспи? Эч ким оорубасын го,бирок жардамга муктаждар бар да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан