Депутат Аккулу Бердиев күйүүчү майдын наркын жаңы жылга чейин жогорулатпоо жолдору бар экенин айтты. Бул тууралуу ал "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.
Күйүүчү майдын баасынын жогорулашын токтотуу үчүн чукул чара көрүп, негизги импортёр болгон Орусиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. “Алына турган алдыдагы 50 миң тонна нефть продукцияларынын чийки затын бензинге айырбаштоо жагын караштырып көрсө, күйүүчү майдын баасын жок дегенде жаңы жылга чейин кымбаттатпай кармап турууга болот. Антпегенде, 2-3 сомго өсүп кетүү ыктымалдуулугу бар. Себеби бул - Орусиянын бажы алымдарын киргизип жаткандыгына байланыштуу”, - дейт ал.