
Кеминдеги токойдогу өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы баштаган 4 офицердик курам жана Кемин, Чүй, Токмок шаарынын Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучуларынан жалпы 60 кызматкер, ошондой эле Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 30 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан болжол менен 20 адам болуп саат 7:00дө өрттү өчүрүүгө чыгып кетишти.