Биз социалдык тармакта

"Унаа" мекемесинен "айдоочулук күбөлүк сатылат" деген депутатка жооп беришти

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов жол кырсыгынын көбөйүшүнүн себебин айдоочулук күбөлүктөр сатылып жатканы менен байланыштырган.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси депутаттын маалыматы чындыкка дал келбей турганын билдирди.

"Унаа" бөлүмдөрүндө айдоочулук күбөлүктөр сатылбайт деп расмий түрдө айта алабыз. Бир нече жылдан бери талапкерлер автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу сынактан өтүшөт. Тестирлөө системасында "Face ID" технологиясы колдонулуп, курсанттар бир көз ирмемде идентификацияланат. Идентификациялоо веб-камеранын жардамы менен жүргүзүлөт. Бул курсанттын ордуна башка адамдардын тестирлөөдөн өтүшүн жокко чыгарат, ал эми тесттик суроолор аралаш тартипте түзүлөт. Ошондой эле автоматташтырылган маалымат системасында түзүлгөн теориялык экзамендеги суроолор боюнча иштер жүргүзүлүп, адам фактору минималдаштырылган. Коррупциялык көрүнүштөр же укук бузуулар болгон фактылар болгон учурда тийиштүү чараларды көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууну суранабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl.jazi
2021-09-09 15:27:58
Кантип жалган суйлошот. 3-4 адамды билем 7 минден толоп тестке кирип баарына туура жооп берип чыгышкан. Баары права алган. Бербегендер оздору тапшырып, тесттен кулап калган.
+3
Asyl.jazi
2021-09-09 15:32:02
Ошо веб-камерага келгиче, акча берип жатпайбы. Тесттик суроолорду ката белгилесе да туура кылып корсотобу же дагы бир нерсеси бар.болбосо бир дагы сабакка келбей журуп, жол эрежелерди, белгилерди билбей туруп, тесттен отуп кеткендер бар.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан