Бүгүн SUPER.KG порталына эки пакистандык жаран Ысык-Көлдө самынданып жуунуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Бүгүн, 9-сентябрда Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери пакистандык жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир күн мурун социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде жуунуп жаткан эки пакистандык жарандын видеосу жарыяланган. Бул видео коомчулукта бир топ талкуу жараткан.
Буга байланыштуу Ысык-Көл РИИБинин милиция кызматкерлери аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анда көлдө самын менен жуунбаш керектиги эскертилди. Мындан тышкары санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын, сууда сүзүүдө коопсуздук чараларын эскертишти.