Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 21 жаштагы Даниил Марсаков аман-эсен табылды. Коомдук коопсуздук кеңеши изделип жаткан жаран бүгүн, 9-сентябрда табылганын кабарлады.
Белгилей кетсек, Даниил Марсаков 6-сентябрда саат 08:00 чамасында Аламүдүн айылындагы үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон дайыны белгисиз болуп жаткан.