Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачёва Биринчи Май районунун мектептеринин окуу жылынын башталышына карата даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөө боюнча дээрлик бардык иштер аяктады. №27 жана 54, 36 мектептерде чатырлар алмаштырылууда. №28 мектепте жылуулукту оңдоо иштери аяктап жатат. №91 бала бакчада жуунуучу бөлмөлөрү оңдолууда, ал эми жаңыланган балдар аянтчалары №5 бала бакчада балдарды күтүп жатат. Бардык иштер график боюнча уланууда жана жаш жарандарды өз убагында кабыл алууга даяр.