Бүгүн, 10-сентябрда "Дордой" базарынын соодагерлери Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Митингчилер колдоруна "Растаможка көтөрүлбөсүн", "Текстиль тармагын бул жол менен өнүктүрө албайбыз", "Урматтуу Садыр Нуркожоевич, бизге жардам бериңиз" деген жазууларды көтөрүп чыгышты. Алар бажыдагы төлөмдөрдүн өлчөмүн кыскартууну суранышууда.
Ал эми азырынча тиешелүү өкүлдөр чыгып жооп бере элек.