Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова 57 жашка толду. Ал 1964-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Караколдогу музыкалык окуу жайын, кийин Бишкектеги искусство институтун бүтүргөн. Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде альт комузда ойногон.
Чыгармачылык жолун “Эй, жазгүлүм”, “Мен сени сүйөм”, “Аккордеон” аттуу ырларын аткарып баштаган. Кийин "Динара" эстрада тобун түзгөн.
"Жашоомдо көп балалуу болууну кыялданчумун. Кайра баштан жаралсам ырдабай, үй-бүлөнү тандап бактылуу аял, мээримдүү эне болмокмун. Бирок Кудайга шүгүр, кыздарым, неберелерим бар".
"Кыргыз жергесин кыдырып билет ордуна тамеки, көмүргө концерт койчубуз".
"Энем мени 8 айымда багып алган". Ырчы апасы (таенеси) менен.
Белгилей кетсек, ырчы 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Эл артисти наамы менен сыйланган.
10-сентябрга карата жылнаама.