Биз социалдык тармакта

"Эмне деген жапайычылык?". Адахан Мадумаров Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча үн катты

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров партия мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын бошотулушун токтоосуз талап кылат. Бул тууралуу Мадумаров SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул кызылдай саясий куугунтук. Эгерде кандайдыр бир суроолору болгон болсо, Орозайым Нарматова бир айдан бери атасынын үйүндө болду, бир тууган агасынын сөөгүн Москвадан алып келди. Ошол бир айдын ичинде эмнеге барып сурап коюшкан жок? Эмне үчүн жесир калган жеңесинин суранычы боюнча төрт жетим калган балдарды жетелеп, Ош аба майданынан учуп бара жаткан жеринен кармашат? Мындай жапайычылыкты ким, качан, кайдан үйрөттү? Мындай жапайычылык болушу керек эмес", - деди Адахан Мадумаров.

Мындан тышкары Адахан Мадумаров бийликтен Орозайым Нарматованын токтоосуз бошотулушун талап кыларын айтты.

Бүгүн, 10-сентябрь күнү таңга жуук "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалгандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ruslanz
2021-09-10 13:58:53
Зек деп кайра-кайра эле суйлоп атты эле, тан калып аттым эле аябай сабырдуу экен деп, сынды дагы орду менен айтыш керек да.
+8
Azat-123
2021-09-10 14:11:40
Адахан мырза, сизди как такшалган политик катары сыйлачум, бирок жаш кызды ушундай жапайычылыкка тукуруп үйрөтүп, аны курал катары ачык эле колдондуңуз, балээнин баардыгын баштаган сизсиз, Ата-Энесине эмне деп жооп бересиз?
Менин дагы карындашыма бирөө тийишип койсо карап турбайм, бирок ошол эле учурда бирөөнү чегинен ашып ахаарат кылса карындашымдын оозун жабам
+5
ruslanz
2021-09-10 14:20:33
Azat-123,Ошол такшалгандыгы учун бироону курал кылып атат да, кээ бир байкуштар ишенип ээрчип кетип атпайбы, ото куу саясатчы.
+7
Mylatka..
2021-09-10 14:22:53
Акыркы кездерде аша чаап кетишти эле.
+8
Kuban-1207
2021-09-10 15:29:11
10 жылга камалсын
+3
Kuban-1207
2021-09-10 15:40:06
Мадумардын төл сөзү жапайычылык деген
+3
оштук
2021-09-10 22:52:30
Эми эр болсон Мадумаров алып чыгып ал окуучунду!Ойноп суйлосо да ойлоп суйлош керек болчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан