Биз социалдык тармакта

Адахан Мадумаров: "Качантан бери чек ара кызматын ИИМ башкарып калды эле?"

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын Ош аэропортунан кармалышы боюнча буйрук башка жактан келген. Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" саясий партясынын лидери Адахан Мадумаров SUPER.KG порталына билдирди.

"Качантан бери чек ара кызматын Ички иштер башкармалыгы башкарып калган? Качантан бери ушундай иш башталган? Чек араны качантан бери ИИМ көзөмөлдөп калган? Демек, буйрук башка жактан кеткенинин белгиси.

Экинчиден жактоочусу жетип келсе дагы жолугуштурбаптыр. Караңгы, арткы тешиктерден алып чыгып, унаага салып келе жатышат. Эң коркунучтуусу бийликти басып алууга чакырык жасаган деп жатышат. Кайсы бийликти? Качан? Кайсы жерден? Ал кыз канча жылдан бери Москвада жашап, окуп, иштеп жүрөт. Бул өтө эле чектен чыккандык", - деди Адахан Мадумаров.

Бүгүн, 10-сентябрь күнү таңга жуук "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалгандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2021-09-10 14:06:29
Короче бардак болуп кетти,Ташиев озун президенттен да жогору сезип,баарына башын тыгып журот.ГКНБнын кызматынан да аша чаап кетти.
-2
Tursunbaev1978
2021-09-10 14:15:07
Садыр менен Камчы дагы кыйратпай калды.....
0
Jaraisyn
2021-09-10 14:19:08
Комментчилер дагы бок жеп баштадыңарбы? Оозуңар толо эле бок экен.
+1
Dembele84
2021-09-10 20:25:51
Jaraisyn,Сенин артынан чыккан богуну жеген макоо экенсин
0
bond02
2021-09-10 14:23:41
Бул кетиште Садыр менен Ташиевдин акыбалы оор болот го шайлоодон кийин.
0
baisogur
2021-09-10 14:36:30
Кыргызга эч нерсе жакпайт чекеден сынчы
+5
nazira...
2021-09-10 14:44:57
Шакылыктап дагы чыктыбы, жоголуп кетти эле го.
+6
Antiradikal3
2021-09-11 00:08:26
Бийликте колхоздор отурса дагы эмнени куттунор эле?.......
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан