Чүйдүн Аламүдүн районунун акими Таалайбек Жайылов 9-сентябрда мезгилсиз дүйнө салды. Бул маалыматты Аламүдүн районунун акиминин экинчи орун басары Гүлмира Кыштобаева SUPER.KG порталына билдирди.
"9-сентябрда жетекчибиз менен бирге иштегенбиз. Анда ден соолугу боюнча даттанган эмес. Кечки саат 20:00дө үйүнө кеткен. Бүгүн эртең менен суук кабарды уктук. Таалайбек Ташиевич спорт менен машыкчу. Бирок бүгүн үйүнө кесиптештер менен көз көргөзүп барганда, жубайы жүрөгү ооруй турганын айтты. Муну экспертизанын жыйынтыгы да тастыктады. Маркумдун сөөгүн кичи мекени Токтогул районуна жөнөттүк. Ал чындап мыкты жетекчи болгон", - дейт Гүлмира Кыштобаева
Таалайбек Жайылов Аламүдүн районунун акими болуп 2021-жылдын май айында дайындалган.