Биз социалдык тармакта

Адахан Мадумаров: "Жалгыз уулун жоготкон Орозайым Нарматованын атасынын кан басымы көтөрүлүп жатат"

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын 70 жаштан ашып калган атасынын кан басымы көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу партия лидери Адахан Мадумаров SUPER.KG порталына билдирди.

"Орозайымдын атасынын Москвага учуп жаткан төрт небересинин документтери Орозайымдын сумкасында калыптыр. Эми алар Москвага барса кандай күнгө кабылат деп мага атасы телефон чалды. Ал кызын өзү түндө алып келип узатыптыр, эми кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты. Жакында эле жалгыз уулун жерге берип, каны кайнап турган 70тен ашкан аксакалдын абалын элестетип көрүңүз. Түшүнүп жатасызбы жагдайды?", - деди Мадумаров.

Бүгүн, 10-сентябрь күнү таңга жуук "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалгандыгы маалымдалган. Өз кезегинде Ички иштер министрлиги Орозайым Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүнө карата терс чакырыктарды жасаган белгилер бар экендигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kuban-1207
2021-09-10 15:28:11
Адаханды дагы камап салгыла
-4
Jacob.
2021-09-10 15:35:46
Тилинерге жооп бере албасанар чокунарга суйлойсунорбу?!
+7
MEDER_KULETOV
2021-09-10 15:42:53
Орозоайымды 5 колодой тааныйбыз сен кылып жаргон айым да
-3
Azat-123
2021-09-10 15:50:56
Адахан мырза, сизди как такшалган политик катары сыйлачум, бирок жаш кызды ушундай жапайычылыкка тукуруп үйрөтүп, аны курал катары ачык эле колдондуңуз, балээнин баардыгын баштаган сизсиз, Ата-Энесине эмне деп жооп бересиз?
Менин дагы карындашыма бирөө тийишип койсо карап турбайм, бирок ошол эле учурда бирөөнүн дарегине чегинен ашып ахаарат кылса карындашымдын оозун жабам
+8
nargiz-sa
2021-09-10 15:51:58
Мында комментарий жазгандар өз башыңардан өткөндө билесиңер, жашоо бумеранг бирөөгө кандай тилек кылсаң өз башыңа келет
-4
Pankration_MMA
2021-09-10 16:16:15
Негизи чектен ашып кетти эле бул кыз. Аял затынын орду публикада эместа өзү!
+3
Aibek_eka
2021-09-10 16:19:02
Жакшы иш болбоптур Жапаров да Аша мн Сокедей мамиле кылып жатат бул жакшы эмес
0
MIRlan
2021-09-10 17:02:59
Биздин форумчу Айым_94 аттуу кызго.
-1
XATSAN125
2021-09-11 00:25:20
Рас болот кызына туздоп тарбыя бербейби анан ээн баш ээн чоку кылбай
-2
nargiz-sa
2021-09-11 13:01:48
XATSAN125,тооба дегилечи кокуй Аллахтын каарына калбай
0
XATSAN125
2021-09-11 11:19:14
Бакылдап суйлогондон башка эч нерсе келбейт колундан барып ал акыбалын сурап жардам бербейсинби атасы тиги бу деп как будто ошонун эле атасы жатып калгансып ага окшоп жаткандар толтураго алго мейли тилинен кетип камалды жалжактап жаагын жаба албай ошону эми тушунот да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан