"Жалпы иш" коомдук фонду парламенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
БШК белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен Таалайбек Асылбеков, Канышай Мамытова жана Бакытбек Самаковду “Жалпы иш” коомдук фондунан коомдук байкоочулар катары каттоо чечимин кабыл алды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.