10-сентябрда Чүй облусундагы Ново-Павловка айылында аймактык милиция бөлүмү ачылды.
Иш-чарада ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жаңы имарат менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен тыгыз иштөө зарылдыгын белгиледи.
Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары коомдук тартипти камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыктын кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди.
Айылдык милиция бөлүмчөсү жергиликтүү айыл өкмөтүнө бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулган.
Бул бөлүмдө аймактык тескөөчүлөр жана ыкчам кызматтын 30дан ашуун кызматкери иштейт жана 120 миңден ашуун адамды тейлейт.