Биз социалдык тармакта

Борбор калаада кыргыз-түрк бизнес форуму болуп өттү

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында кыргыз-түрк бизнес форуму болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишкерлердин жолугушуусуна Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышты.

Форумдун жүрүшүндө болжол менен 250 ата мекендик жана 90дон ашуун түрк компания өкүлдөрү энергетика, айыл чарба тармагына жана тоо-кен өнөр жайына инвестицияларды тартуу боюнча долбоорлорго тийиштүү маселелерди талкуулады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өз сөзүндө Түркия менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоого даяр экендигин билдирди жана инвесторлорду өлкөгө чакырып өттү.

Ал эми Түркиянын вице-президенти түрк тарап да эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даяр жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө аталган форумдун маанилүүлүгүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан