Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган 60 жаштагы киши кулап, өз алдынча тура албай калган. Андан тышкары ал жашаган батирдин эшиги бекилип калганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Эшик ачууга Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Алар эшикти атайын шаймандар менен ачышкан. Анда жуунуучу бөлмөдө 60 жаштагы Ю.Б. аттуу эркек адам жыгылып, өз алдынча тура албай калгандыгы белгилүү болгон. Куткаруучулар улгайган жаранды тургузуп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти", - дешти мекемеден.