Бүгүн "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Ош шаарындагы өкүлдөрү жана Орозайым Нарматованын жакындары Ош ОИИБинин алдына митингге чыгышты.
Алар Орозайым Нарматованын бошотулушун жана бийликке сын айткандыгы үчүн аны аңдууну токтотууну талап кылышууда. Алар нааразычылык акциясын Бишкекте да уланта турганын айтышууда.
Эске салсак, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан 10-сентябрь күнү саат 05:00 чамасында кармалган. Ал бир тууганынын тажыясына келген.