КМШ оюндары: Футзал боюнча Кыргыз курамасы Азербайжанды жеңип алды

Кыргыз өлкөсүнүн футзал боюнча улуттук курама командасы КМШ оюндарынын алкагында Азербайжан курамасын 8:3 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз курамасы аталган беттештин 1-бөлүгүндө 6 гол киргизип, 3 гол өткөрүп алган. Ал эми 2-бөлүктө дагы 2 гол жаратып, жалпы эсепте 8:3 менен жеңишти камсыздаган.

Улуттук курама команда буга чейин Б тайпасында Беларусь өлкөсү менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилип калган.

Ал эми бүгүн футболчуларыбыз жарым финалдык баскычта Орусия менен күч сынашат.

Эске салсак, бул күндөрү Казань шаарында биринчи жолу өтүп жаткан "КМШ оюндары" аталышындагы спорттук иш-чаралар өтүүдө. Ага шериктеш мамлекеттердин курамына кирген 9 өлкө катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан