Биз социалдык тармакта

Соода-экономикалык кызматташтык. Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясы бир катар документтерге кол койду (тизме)


Бишкек шаарында өткөн соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешмесинин катышуучулары тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы тоо-кен тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрө жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Улуттук статистикалык комитети жана Түркиянын Статистикалык институту ортосундагы статистика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Экономика жана финансы министрлиги алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору менен Түркиянын Халал аккредитация агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– кеңешменин протоколу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан