Орусияда прокурор кыргыз мигрантын урган видео тарады.
Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Орусияда болгон жагымсыз жагдайга кескин реакция кылды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Карабахка бараткан жолдо таксистти сабап жаткан видеону көрүп, аябай ачууландым. Биз көп уккан этика жана маданият кайда? Жаман улут жок, жаман адамдар бар. Андыктан бул жаман адамдар кечирим сурасын.
Ошондой эле эң оор жумушту мигранттар жасарын эске салгым келет, андыктан боорукер болуңуз - эмгекти урматтаңыз. Бул эмоцияга туруштук бере албаган инсандарга тиешелүү.
Прокурор менен жардамчысы жазаланышы керек жана кечирим сурашы керек. Мен ишенем, Орусиянын жогорку жетекчилиги сөзсүз түрдө мыйзамдын чегинде чара көрөт", - деп жазган Молдокматова.