Бишкек шаарында көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн шаар тургундары 62 500 миң сом айып пул төлөйт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук акимчилигинде мыйзам бузуу учурларын кароо боюнча комиссиясы иш алып барат.
Комиссиянын ишине санитардык-экологиялык инспекциянын, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышат.
Бул жолу 10 протокол түздөн-түз мыйзам бузуучулардын катышуусу менен каралды.