Биз социалдык тармакта

SUPER.KG порталы Азербайжанда: Учурда Шуша шаарында кайра куруу иштери кызуу жүрүүдө

SUPER.KG порталынын кабарчысы Айзада Кыдырмышеванын Азербайжанга болгон сапары уланууда.

“Карабахтын Физули, Жабраил шаарларын көргөн соң, аталган өлкөнүн маданий борбору аталган Шуша шаарын зыярат кылдык. Бул жерлер 1993-жылдан бери Армения өлкөсүнүн оккупация алдында калып, кыйроого учураган. 2020-жылы 44 күн ичинде Азербайжан өзүнө толугу менен кайтарды.

Шуша шаары Азербайжандын коомдук, маданий ишмерлеринин киндик каны тамган жер. Илгери Карабах хандыгынын борбору болуп келген. Тарыхка калган окуялар, инсандар менен байланышкан бул уникалдуу шаар ар бир азербайжандыкка кымбат.

Учурда Шуша шаарында кайра куруу иштери кызуу жүрүүдө. Аз убакыттын ичинде жол, мейманканаларды, белгилүү инсандардын үй-музейлерин калыбына келтирип койгондоруна күбө болдук”, - деди Кыдырмышева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2021-09-12 14:14:53
Биздин Баткен да ушундай болсун!!!
+2
Datka7777
2021-09-13 13:05:14
Турциянын жардамы менен алып койду! Армияндар да «жардамы тийбеген таможный союзун менен Орусияынды урдук», деп журот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан