Эртең, 13-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23…28;
Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 25…27 градус болот.