
Бишкектин Көлмө конушунда канализация курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, канализациянын негизги курулуш иштери аягына чыгып калды.
"Канализация тутумуна 30 үй туташат. Анын узундугу 445 метрди түзөт. Курулуш иштерине бардык стандартка жооп берген материалдар колдонулуп жатат", - деп жазылат маалыматта.