Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Тажикстанга барат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.
Анда президент жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.
Ошондой эле аталган сессияга Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев, Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана уюмдун баш катчысы Станислав Зась катышат.