Бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы 1 тоннасы 1 330ду түзөт. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Мирлан Жакыпов билдирди.
Анын айтымына караганда, калк үчүн көмүр Кара-Кечеден октябрдан баштап ташыла баштайт.
"Учурда көмүрдүн дүң баасы 1 тоннасы 1 330 сомду түзсө, ортомчулар 2 миң сомдон кошуп, пайда көрүп жатышат.
Кара-Кечеде иштер өз нугунда жүрүп жатат. Жайында аба ырайына байланыштуу план боюнча артта калыптыр. Аны сентябрь айында толуктап жатабыз.
Калк үчүн көмүр Кара-Кечеден октябрдан баштап ташыла баштайт", - деп билдирди Жакыпов.