Депутат Жанар Акаев дарегине карата айтылып жаткан сөздөргө байланыштуу видео кайрылуу жасады. Эл өкүлү кайрылуусунда эч бир саясатчы менен бирге бийликти басып алууга аракет көрбөгөнүн жана буга карата эч кандай далил жок экендигин билдирген.
"Эки күндөн бери кайсы бир саясий күчтөр бийликти күч менен басып алууга камынууда деген троллдордун фабрикасы даярдаган жалган аудиолор тарап, анын ичинде менин да атым аталып жатат.
Кайсы бир аудионун ичиндеги Жанар деген сөздү эптеп алып келип чаптап, элди ишендирип, ушулар тополоң уюштурганга аракет кылып жатат дегендей калп маалымат таратканы абдан өкүндүрөт.
Жалган маалыматтар мамлекеттик деңгээлге чейин айтылып, кадимки көрүнүшкө айланып бара жатканы абдан кейиштүү нерсе. Экинчиден күлкүлүү. Себеби көчөдө саясатчылардын сүйлөшкөнү үчүн айып тагабыз деген аракетке, андагы сапатсыз бир видеого 1-класстын окуучусу да ишенбейт.
Мен дароо айтып коёюн, эч бир саясатчы менен бийликти басып алабыз, массалык баш аламандык уюштурабыз деген сөздөрдү эч бир жерде сүйлөшкөн эмесмин. Мен эмне үчүн бийликти басып алышым керек? Өзүм бийликтин бир бутагында отурам. Эмне өзүмдүн бөлмөмдү өзүм басып алышым керекпи?
Эгерде саясатчылар кафеде сүйлөшкөнү үчүн эле айыпка жыгабыз дешсе, бул азыркы бийликтин өтө чоң жаңылыштыгы. Анткени мындай жол менен барабыз деген бийликтердин аягы жакшы бүткөн эмес. Биз кандайдыр бир сын-пикирибиз болсо, аны маалымат каражаттары аркылуу же парламентте ачык эле айтабыз. Күч органдарынын бизди түрмө менен коркутканы өтпөй турган нерсе", - деп билдирген Жанар Акаев.
Эске салсак, буга чейин интернет айдыңында Алмазбек Атамбаев, Курсан Асанов жана Жанар Акаев үчөө бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатканын далилдеген материалдар тараганы айтылып жаткан.