Өлкөдө биринчи чейрек 15-сентябрда башталып, 5-ноябрда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, каникул 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин созулат.
* Экинчи чейрек 15-ноябрдан 31-декабрга чейин;
* Кышкы каникул 1-январдан 10-январга чейин болот;
* Үчүнчү чейрек 11-январда башталып, 18-мартта бүтөт;
* 21-марттан 27-мартка чейин каникул;
* Төртүнчү чейрек 28-мартта башталып, 8-июнда аяктайт.