Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 172 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты."Бүгүн, 15-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 172 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 319 метр куб, агып чыгышы 214 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 14-сентябрда суу сактагычта 12 миллиард 163 миллион метр куб суу бар болчу.