Жанар Акаев ИИМге сурак берип чыкты

Депутат Жанар Акаев ИИМге сурак берип чыкты. Ал саат 17:30да сурак берүүгө кирип кеткен. Саат 21:00дөн өтүп сурактан чыкты.

"Курсан Асановдун үнү делген аудио боюнча, Сонунбүбү Кадырованын видео кайрылуусунан улам суракка күбө катары чакырылыптырмын. Бүгүнкү сурактын шайлоого тиешеси бар болушу мүмкүн", - деди ал.

Ошондой эле ал тил катка кол коюп бергенин айтты.

Айрым артисттер өлкө башчы Садыр Жапаровдон саясатчыларды жазалоону суранып, кайрылуу жазышкан.

Анда Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева аттуу жарандар баштаган 17-сентябрь күнү жүз миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маек бергени белгиленген. "Аны колдогон беш-алты бала курал-жарак чогултуп жатат имиш. Жогорудагыларга эмне керек? Урматтуу Садыр Нургожоевич, булар менен мышык-чычкан ойнобоңуз. Артыңызда бери дегенде 80, ары дегенде 90 пайыз эл турабыз. 2016-жылы түрк эли Эрдоганды кандай колдоп алса, так ошондой колдоп алабыз. Мындайларга катуу чараларды көрүңүз! Жумшак болбоңуз. Болбосо мамлекетибизди жоготуп алабыз. Митинг дегенди уккубуз келбей калды.Тажадык", - деп жазылган кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан