Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Чехиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гикл Рудольф менен жолукту. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Мэриянын маалыматына ылайык, тараптар кыргыз-чех биргелешкен бизнес форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
"Тараптар саркынды сууларды тазалоо жаатында чех технологияларынын потенциалын, келерки жылы Бишкекте "Жашыл технологиялар" кыргыз-чех биргелешкен бизнес форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Борбордун мэри форумду өткөрүүдө кызматташууга жана жардам берүүгө даяр экенин билдирди", - деп жазылат маалыматта.