Биз социалдык тармакта

Бишкекте Өзбекстандын чыгармачыл ишмерлеринин катышуусунда жолугушуу өтөт

Бишкекте 19-сентябрда саат 16:00дө «Борбор Азиядагы арт менеджмент жана альтернативдүү искусство» деген темада ачык жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара Өзбекстандын чыгармачыл ишмерлери менен региондогу массалык тренддердин чегинен чыккан искусство тренддерин актуалдаштыруу темасында эркин талкуу форматында өтөт. Жолугушуунун катышуучулары Борбор Азиядагы альтернативдүү искусствонун келечеги жана Өзбекстанда аткарылып жаткан арт-долбоорлор жөнүндө айтып беришет. Негизги спикерлер Ашот Даниелян менен Никита Макаренко чыгармачылык тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Жолугушуунун уюштуруучулары көркөм чөйрөнүн өкүлдөрүн диалогго катышууга чакырышат.

Иш-чара 19-сентябрда саат 16:00дө «Сорос-Кыргызстан» фондунун кеңсесинде өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан