Социалдык тармакта чет элдик жаран Ысык-Көл облусунда өлтүрүлгөн аркардын жанында туруп, ошондой эле алардын мүйүздөрү менен түшкөн сүрөттөрү талкуу жаратууда.
Чет элдик жарандын социалдык тармакка жарыялаган сүрөттөрүнөн улам жалпы үч аркарды өлтүргөнүн божомолдоого болот.
Кызыл китепке кирген жаныбарларды мыкаачылык менен өлтүрүү иши боюнча кандай чаралар көрүлөт? Бул суроого жооп алуу үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга байланышуу мүмкүн болгон жок.