Биз социалдык тармакта

Кыргыз студентине Казань аэропортунда Орусиянын аймагына кирүүсүнө чектөө коюлду

Кыргыз студентине Казань эл аралык аэропортунда Орусиянын аймагына кирүүсүнө чектөө киргизилди. Маселе чечилгенге чейин студент өлкөгө кайтарылат дешти Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен.
Маалым болгондой, 20 жаштагы А.М. аттуу студент Орусиянын аймагында жүргөндө эки жолу жол эрежесин бузган жана административдик айып салынып, мыйзам бузуучу тарабынан төлөнгөн. Мындан улам анын өлкө аймагына кирүүсүнө чектөө киргизилген.
"Учурда элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жана Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгына өтүнүч каттарды жөнөттү. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз жараны жана анын апасы менен байланышта болуп жатат. Мекендешибиздин чектөө маселеси чечилмейинче, кийинки аба каттам менен Кыргыз өлкөсүнө кайра кайтарылат", - дешет мекемеден.
Ошондой эле күнү-түнү иштеген консулдун ишеним телефонуна (+ 7-925-115-50-47) Казандын аэропортунан жогорудагы жаран тууралуу маалымат келген эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан