Биз социалдык тармакта

"Орёл и Решканын" Кыргыз жергеси тууралуу тарткан экинчи чыгарылышы 18-сентябрда обого чыгат

Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилиги "Орёл и Решка" программасынын продюсерлери менен Кыргыз жергеси тууралуу программанын эки бөлүгүн тартууну макулдашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын популяризациялоо боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында макулдашылган.

2021-жылдын июль айында "Орёл и Решканын" чыгармачыл тобу Кыргыз жергесинде эки программаны тарткан. Чыгарылыш Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Биринчи программа 2021-жылдын 1-сентябрында Украинанын "Новый" жана "Пятница" каналдарында көрсөтүлгөн. Программанын экинчи чыгарылышы 18-сентябрда обого чыгат, ал эми 19-сентябрдан тарта Youtube каналында жеткиликтүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal3
2021-09-16 18:18:28
Орел и Решканын Кыргызстан боюнча туфта серияларыные учунчусу корсотулот окшойт...

Буга чейин Бишкекте жана Ошто тартылган корсотуулору экоо тен начар тартылган, тосуп алган, ошолорду ары бери алып жургон акмак уюштуруучу соройлорубуздун айынан........
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан