Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 181 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты."Бүгүн, 16-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 181 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 339 метр куб, агып чыгышы 234 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 15-сентябрда суу сактагычта 12 миллиард 172 миллион метр куб суу бар болчу.