Мындан 3 жыл мурун январь айында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн.
Андан соң Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.
Бишкек ЖЭБин жаңылоодо бир топ саясатчылар айыпталган.
Алар: мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, экс-депутат Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергохолдингдин" мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.
Булардын кимиси абакта, кимиси боштондукта?
Жантөрө Сатыбалдиев жакында ооруп, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Абалы турукташкандан кийин абакка кайра которулду. Ал 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Сапар Исаков 15 жылга кесилген. Былтыр, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан митингчилер тарабынан бошотулган. 22-февралда социалдык тармактарда Сапар Исаковдун аты-жөнүн көрсөткөн баракча жүргөн жери Москва экендигин белгилеп билдирүү калтырган.
Осмонбек Артыкбаев айып төлөй турган болуп, эркиндиги чектелген эмес. Ал буга чейин зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыяры менен мамлекетке 100 миллион сом төлөп берген.
14 жыл эркинен ажыратылган Айбек Калиев абактан чыкты. Калиев президенттен ырайым сураганы маалымдалган. ЖАМК алар жаза өтөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкканын билдирген.
Салайдин Авазов 11 жыл үч айга абакка кесилген. Авазов дагы президенттен ырайым сурап, эркиндикке чыкты.
Жолдошбек Назаров жана Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бирок анын тергөө абагында отурган убактысы эске алынып, сот залынан бошотулган.
Ольга Лаврова жаза катары 3 миллион сом айыпка жыгылып камактан чыккан.