Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 6-ноябрь күнү Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракесине карата концерт саат 10:00дө, чоң залда башталат. Кирүү акысыз. Эскерте кетсек, Насирдин Исанов Кыргызстандын биринчи Премьер-министри болгон. Ал 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы инженердик -куруучулук окуу жайын аяктаган. 1969-жылы Коммунисттик партияга мүчө болгон.1991-жылга чейин бир топ жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп, ошол жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп дайындалып, 29-ноябрда 48 жаш курагында жол кырсыгында каза тапкан. Афиша толугу менен бул жакта...