Быйыл ЮНЕСКОго "Тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө" резолюцияны сунуштоо демилгеленүүдө. Бул туурасында өлкө башчы Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда айтты.
Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчы бул боюнча үмүт артарлык жетишкендиктер бар экенин белгиледи. Мисалы, ак илбирс асыл жаныбары байырлаган өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөнүн натыйжасында ак илбирс тукумунун жок болуп кетишине жол бербөө мүмкүн болду.
"Ошол эле учурда Кыргыз өлкөсү 2050-жылга карата көмүртек бейтараптыгына жетишүүгө аракет кылат. Кыргыз экономикасы акырындык менен жанданып жатат, көмүрү жок энергия булактары барган сайын көбүрөөк ишке киргизилет, бул биринчи кезекте гидроэлектр станцияларында ишке ашырылат. Кыргыз мамлекети өз аймагында энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында экологиялык таза энергия булактары болгон ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен жүзөгө ашырууга ниеттенүүдө.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө заманбап, экологиялык жактан таза жана арзан энергия менен камсыз кылууга жетишүү 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү документинде көрсөтүлгөн глобалдык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн өтө маанилүү. Кыргыз мамлекети ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азия өлкөлөрүнүн гидроэнергетикага болгон муктаждыгын канааттандырат. Ошону менен биздин бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп ишенебиз. Суу-энергетика комплексинде, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде, Париж келишиминин духунда өз ара пайдалуу кызматташууга инвесторлорду чакырам", - деди ал.
Ал Кыргыз өлкөсүнүн дүйнөлүк коомчулуктан, БУУ жана эл аралык каржы институттарынан тоолуу өлкөлөрдүн, өзгөчө деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогон мамлекеттердин экосистема көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө көңүл буруп, колдоп берет деген ишенимин билдирди.
"Буга байланыштуу биз туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, ага ыңгайлашуу жана анын алдын алуу, тоо токойлору жана биоартүрдүүлүк, табигый кырсыктар, тоо коомчулуктарын колдоо боюнча программаларды ишке ашырууда тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн БУУнун алкагында атайын глобалдык фонд түзүүнүн учуру келди деп эсептейбиз", - деп белгиледи Садыр Жапаров.