Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусиянын министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
"Михаил Мишустин Улукбек Мариповго Пермь шаарындагы трагедияга байланыштуу көңүл айткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчылары орус-кыргыз соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, өкмөттүк линия боюнча боло турган байланыштардын графиги да козголгон.