Жогорку Кеңеште бир катар кодекстерге карата президенттин каршы пикири каралды

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңеште бир катар кодекстерге карата президенттин каршы пикири каралды.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодекске, Кылмыш-жаза кодекске, "Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодекске карата президенттин каршы пикири каралды.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жаңы кодексттер менен мыйзамдын демилгечиси катары президенттин каршы пикирине макул болгонун билдирди. "Президенттин каршы пикири негизинен кабыл алынган укук ченемдик актыларды которууда кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюуга, тексттерди редакциялык оңдоого, айрым юридикалык терминдерди тактоого байланыштуу болду, орчундуу каталар жок. Ушу тапта укук коргоо органдары аларды колдонууга даяр", - деди ал.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан бизнести жана инвесторлорду коргоо, алардын ишине укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жана рейдерлик басып алууларга бөгөт коюу, кылмыштуулуктун алдын алуу, жарандардын укуктарынын бузулуу фактыларына көзөмөлдү күчөтүү, депутаттардын кол тийгистигин сактоо маселелери көтөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан