Депутат: "Бир мандаттуу округдар коррупция менен ишке ашып жатат"

"Бир мандаттуу округдар коррупция менен ишке ашып жатат", - деп бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Анвар Артыков билдирди.

"Округдарды болочок талапкерлер өздөрү каалагандай ар жерден бир кесим кылып бөлүштүргөндөй. Кара-Суу району чоң, ал жакта жетиштүү шайлоочу бар. Чектешпеген аймактарды кошуп салгансыңар. Бул нерсени силерде иштегендерден, башка жактагылардан тактадым. Бул жерде толугу менен коррупциялык иш жүргөн. Кээ бир адамдарга арналып түзүлүп жатат", - деди Артыков.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: "Бул маселе көп талаш-тартыштарды жаратты. Чектелбеген аймактар жок. Мыйзамдагы нормалар сакталган", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан