Садыр Жапаров: "Мамлекеттик кызматкерлер парламенттик шайлоого кийлигишсе токтоосуз чара көрүлөт"

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды. Анда жергиликтүү эл менен жолугушкан өлкө башчы алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу суроолорго жооп берди.

Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчы ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо жараянынын таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын өзгөчө белгиледи.

"Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоочулар партия үчүн гана добуш берген өткөн шайлоолордон айырмаланып, алдыдагы шайлоолордо шайлоочулар партия үчүн эле эмес, андагы өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар көрүлөт", - деп билдирди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан