Депутат Мадеминов: "Элге чыксак күнөөкөр депутаттар, биз чимкирикпиз"

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов министрлер кабинетинин ишин сындады.

"Элге чыксак күнөөкөр депутаттар, биз чимкирикпиз, биз жеп жатабыз. 36 миң сомдон башка акчабыз жок. Айлыгыбыздан башка акча жок. Министрлер кабинетинин өкүлдөрү элге чыкканда акча бизде, депутаттар жөн эле уруксат берет деп айтпайсыңарбы. Иш-чараларды уюштурууга каражат сурап жатасыңар. Бул элдин акчасы", - дейт депутат.

Министрлер кабинетинин өкүлү: "Бул жерде бир нече иш-чаралар бар. Мамлекеттик иш-чаранын алкагында жүргүзүлгөн", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан