"Энергетика министрин көрө элекпиз". Депутат аймактарда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын айтты

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутаттар энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаевдин баяндама жасашын талап кылышты.

Комитет жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкы ортосундагы "Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуу долбоору каралмак. Министр жыйынга келбегени боюнча депутаттар нааразычылыгын билдиришти.

Министрдин орун басары Тилек Айталиев: "Министр ЖЭБде чогулуш уюштуруп жатты эле. Өткөн аптанын соңунда маалым болду. Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан тапшырма берилген", - дейт ал.

Депутат Сайдулла Нышанов: "Биз министрди көрө элекпиз. Аймактарда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Суроолор көп", - деди.

Мындан улам депутаттар макулдашууну кароону кийинкиге калтырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан