Бишкек шаардык кеңештин депутаты Казыбек Эргешов вице-мэр Азат Узаковдун жоопкерчилигин кароону сунуштады. Бул тууралуу ал шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, Азат Узаков "Ынтымак" фракциясынын эл менен жолугушуу жыйынына келбей жатат. "Бул депутаттарды жана жашоочуларды сыйлабаганы. Анын кызматтык жоопкерчилигин мэр карап чыгышы керек", - дейт ал.
Анын сунушун "Социал-демократтар" фракциясы дагы колдоду.