Бүгүн, 29-сентябрда парламент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан кетирүү токтомун кабыл алды.
Ал башка кызматка сунушталып жатканы үчүн төрагалыктан кетип жатканын айтты. Абдыгулов депутаттарга ыраазычылык билдирди.
Жогорку Кеңештин төрагасы ага ийгиликтерди каалады.